АГА БАКТЫЛУУ БОЛГУЛА
Бирөөлөр кошсо куругун,
Бирөөлөр күлүк ат кошту.
Бул күнү Ана-Кызылга,
Кызыл- дыйкан баш кошту.
Тообо деп кармап жакамды,
Берейин анда батамды.
Узаттым окшойт акыры,
Мухаммед бойдок акамди.
Мейли ур, сок, жемеле,
Мен бышып бүткөм жемеңе.
Рахмат дейм сизди алып кеткен,
Жаркынай аттуу жеңеме.
Муну угуп жеңем үч күлдү,
Мухаммед акам чүчкүрдү.
Үйлөнмөк болчум тээ качан,
Очередь бербей күттүрдү.
Ким качмак эл журт айткыла,
Жеңемдей асыл келинден.
Мухаммед акооу ылайым,
Бак тапкын барган жериңден.
Бак тилейм эки асылга,
Бир кызды басып такымга,
Очередь келди мен дагы,
Үйлөнөт окшойм жакында.
Көөдөндө бир аз аптыгуу,
Көрбөсүн күндү запкылуу.
Бүт