*ЗИКИР КЫЛУУНУН ПАЗИЛЕТТЕРИ*
1💧. ЖАМАНДЫКТАРДАН САКТАНУУГА СЕБЕП БОЛОТ.
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан: ''Кайсы пенде болбосун, күн сайын эрте менен жана кечинде: ''Бисмилляхил лязи ляя ядурру ма'асмихи шей'ун фил арди уа ляя фиссамааи уа хувас Самииул Алиим'' – деп, айтып жүрсө анда ага эч нерсе зыян бере албайт». (Тирмизи)
Мааниси: «Аллахтын Аты менен коргоо сураймын. Аллахтын аты менен коргоо сураган адамга асмандан жана жерден болобу эч кандай зыян жетпейт. Ал (Аллах) – Угуучу жана Билүүчү) –деп айтып жүрсө, анда ага эч нерсе зыян бере албайт”. (Тирмизи)
Абдуллах ибну Хубайб, радыяллаху анху, айтты: «Биз өтө караңгы, жамгыр жаап жаткан түнү Аллахтын Элчиси