Ай-секет
Жүткүнүп жетпес жүзүңбү секет,
Жүздөй сенин жүзүңдөн секет,
Жүрөктүң эзген үнүңөн секет,
Капталда бышкан карагат секет,
Карагат сенин көзүңдөн секет,
Кайманаң айткан сөзүңдөн секет,
Өрөпкүп жаштык өтову аттиң,
Өзүңдү көрбөй өмүрдөн секет.
Жаштыгын бул бир жаздагы көчөт,
Соолгонуң соолуйт, өскөнүн өсөт,
Жаз сүйүү деген чагылган учкун,
Өрт болсоң өрттөйт, өчкөнүн өчөт,
Жомоктой сүйүү- жолдогу бекет,
Келгендер келет, кеткендер кетет.
Кабылбайт кимге калтардай сулуу,
Калгандар калат,жеткендер жетет.
Булактай үнүң эшилип секет,
Буралган боюн элестеп секет.
Буулуккан жүрөк эзилип бирде,
Буркурап ийем сени эстеп секет.
Жолоочу болдум жоголгон жолдон,
Жоготкон жазым келет деп секет,
Жашынгы