🔴 *КҮМӨНДҮҮ ИШ АРАКЕТТЕРДЕН САКТАН*
Абу Абдуллах Нууман ибну Башир, радыяллаху анху, риваят кылат: «Мен Аллахтын элчиси, сал- лаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтка- нын уктум:
«Чындыгында адал нерселер белгилүү, арам нерселер да белгилүү. Ал эми ал экөөнүн орто- сунда көпчүлүк адамдар билбеген күмөндүү нер- селер бар. Ким ошондой күмөндүү нерселерден сактанса, анда ал динин жана абийирин таза сактаптыр. А кимде-ким күмөндүү нерселерди кылган болсо, анда ал арам (нерсени) кылышы мүмкүн. Бул бирөөнүн корук жайынын жанында малын жайып жүргөн малчы сыяктуу. (Ал малын карап турбаса), корук жайга кирип кетүүсү мүм- күн. Ар бир падышанын корук жайы болот. Ал- лахтын корук жайы – Ал адамда