ТҮЛКҮДӨН БИЗГЕ САБАК БОЛСУН.
Токойдун падышасы делген арстан күндөр өтүп картайып, алдан тайып, каруусу кетип, азык болоор жандыгын кармап жегенге да жарабай калат. Айласы кетип, эптеп жашаштын айласын издеп, акыры өзүнүн катуу ооруп калганын жар салып, бир үңкүргө кирип жатып алат. Күн сайын бир гана жаныбарга кирүүгө уруксат берет да, аны үңкүрдүн ичинен кармап, жеп коюп жата берет. Бир күнү падышаны зыярат кылууга түлкү келет да, үңкүрдүн сыртынан гана салам берип, ичкери аттабай туруп калат. Арстан ага:
- Кел келе гой, ичкери кир, десе түлкү:
- Ичкери гоо кирмекмин. Бирок, мен үңкүргө кирип кеткен толтура буттардын изин көрүп турам да, алардын бирөөсүнүн да кайра чыкканын көрө алба