За каждый шаг, за каждый вздох, за то что дал мне Аллаh. За боль, за счастье, за удачу, за то что я смеюсь и плачу, за то что я еще люблю, за все тебя Аллаh благодарю...
Адамзаттын жаралуусунун эң негизги максаты – Алланын буйруктарын аткарып, Ал тыйган иштерден алыстап жана Ага шерик кошпостон жалгыз Ага гана сыйынуу. Куранда Алла Таала адамзат менен жиндерди жаратуудагы максатын баяндап мындай деп айткан:
«Жин менен адамзатты бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым». Зарият сүрөөсү (51:56)
Бул аятта ачык-айкын көрүнүп тургандай, адамзат менен жиндер Алла Таалага ибадат кылуу үчүн гана жаратылган. Алардын жашоодогу эң негизги максаты – жалгыз Алла Таала Өзү буйругандай жана Анын пайгамбары көрсөткөндөй ибадат кылуу. Кимде-ким өмүрүн Аллага гана ибадат кылып өткөргөн болсо, анда ал бул жашоого жаралуу максатын толук а