<<<УНУТПА>>
Өткөн күндөр калды эми алыста,
Өтүнөөрүм бирок мени унутпа.
Канча мезгил өтсө дагы сен деген,
Сүйүүм калат жүрөгүмдө сактала.
Унутпастан эстей жүрчү садага,
Сага деген сүйүүм менин башкача.
Жолдорубуз кетсе дагы айрылып,
Сени сүйгөн мендей жанды унутпа.
Эсте жүрөт өткөн күндөр элеси,
Унуттуңбу же ырымдан эстечи.
Өткөн күндү ак сүйүүнү унутсаңда,
Эстей жүрчү жүрөгү чок мендейди.
Жүрсөм дагы мен өзүңдөн алыста,
Учуп барган ойлор сенин жаныңда.
Эңсеп турат ойлоп сени зарыгып,
Жүрөгүмдө сага деген гүл бакча.
Кундөр өтүп мендик болгон ал сүйүү,
Арналатко сен тандаган башкага.
Өз сүйүүсүн түбөлүкө сактачуу,
Сени сүйгөн мендей жанды унутпа.
Арген