Бүгүн бир видеону көрүп, ойго баттым… Ат балчыкка батып кыйналып калган учур экен. Мындайда адамдын жүрөгү ооруйт.
Улак тартыш — улуттук салтыбыз, эр азаматтын өнөрү. Биз салтыбызды урматтайбыз. Бирок ошол эле учурда, Ислам бизге бир нерсени эстен чыгарбоону үйрөтөт: жаныбар да Аллахтын аманаты, анын да акысы бар.
Биз “салт” деп жүрүп, бир чоң күнөөгө көнүп баратабыз: жаныбарды кыйноо.
Ат баткакка батып жан талашып жатса да “ойунду токтотпой”, тегеректеп басып, кыйкырып, чуркап, тебелетип… ушуну эрдик деп ойлогондор бар.
Жок! Бул эрдик эмес. Бул — ырайымсыздык. Күч — аттын үстүндө эмес, күч — жүрөктөгү ыйманда. Ыйман — ырайым менен көрүнөт.
Муну көрүп туруп унчукпай коюу да туура эмес.
П