Предыдущая публикация
Следующая публикация
Свернуть поиск
Сервисы VK
MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
Войти
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Больше информации
  • Главная
  • Увлечения
  • Видео
  • Группы
  • Люди
  • Публикации
  • Игры
  • Подарки
  • Поздравления
  • Помощь
  • русский
Левая колонка
Обложка профиля
Фотография от Зейнеп Суйунбаевна

Зейнеп Суйунбаевна

Последний визит: 22 янв
Фотография от Зейнеп Суйунбаевна
Фотография от Зейнеп Суйунбаевна
Фотография от Зейнеп Суйунбаевна
Фотография от Зейнеп Суйунбаевна
Фотография от Зейнеп Суйунбаевна
Фильтр
ЗаметкиУвлечения
Зейнеп Суйунбаевна
23 мар
Арзуунун сырын чечпей ак шамдарда.
Алдымдан тосуп чыкпай ак таңдарда.
Акактай тунук сезим бар чагында.
Ардактай алалбадың аппагың да.

Алтынды колдо барда барктабаса.
Айланат арзыбаган катуу ташка.
Асылдар аз болушат көзгө түшкөн.
Адамдын жан дүйнөсүн көктөтүшкөн.

Аруулап сезимдерди сактабаса.
Аздектеп махабатты таптабаса.
Ай сымал чети сынып кетилишип.
Акыры нуру өчүп түнгө айланат.....
23.03.25.
Зейнеп Суйунбаевна
8 фев
Үзүп жулкуп үмүттүмдү талкалап.
Үшүмдү алып тагдырдагы сыноолор.
Үшкүрүккө үшүтүп жан дүйнөмдү.
Үйлөп күлүн сабырдын түгөтмөкпү.

Бутка чаап,тизелетип бүгүлтүп.
Бута кылып өмүрүмдү өкчөөмөй.
Баса калып оңой келген олжоодой.
Батырмакпы санаалардын сазына.

Тагдыр мени жети жолу сындырса.
Турам кайра сегиз ирет такандап.
Тирүүлүктө жеңилбеймин сыноодон.
Түшмөйүнчө ажал жайган ач торго.
Ав.Зейнеп.7.02.25.
Зейнеп Суйунбаевна
2 фев
Көргүм келет көзүңдү мээрим толгон.
Каректерден мөлтүрөп сүйүү тамган.
Кирпиктериң жашырбай сезимдериң.
Көз карашың сырыңды айтып койгон.

Жалынына махабаттын күйүп жанып.
Жүрөгүңө жылынып жүргүм келет.
Жан дүйнөмө өзүңдөн азык алып.
Жылжып агып бакытка жетким келет.

Куштар сайрап көңүлдүн бакчасында.
Кубанычтын бешигин терметишсе.
Кулагыма угулуп шыңгыр күлкүң.
Кереметин жашоонун сездиришсе.
2.02.25.
Зейнеп Суйунбаевна
31 янв
Күн..тирүүлүктүн дагы бир таңы атты.
Кусалыгым жүрөккө терең батты.
Көздөрүңдү көзүмө катып алып.
Көрүшүгө келемин күндө шашып.

Кеч...шам жагып алып көңүлгө.
Күтөмүн сени кирсе да күүгүм өмүргө.
Кыялдар менен үмүттү колдон жетелеп.
Келемин түндө кымбатым менден бөлүнбө.

Түн...жылдыздар көктөн көрүнсө .
Теребел тыптынч,уйкуга кирип көшүлсө.
Телмире тиктеп сагыныч менен терезем.
Тагдырым сенде... үмүттүн отун өчүрбө....
3.01.25.
Зейнеп Суйунбаевна
31 янв
Жүрөгүм ыйлап,көздөрүм муңдуу сумсаят.
Жан дүйнө дартын жан адам сезип туяалбас.
Жалгыздык кана,жан жолдош болуп ээрчиген.
Жабыккан ойдон арача түшүп бөлө албас.

Өтсө да өмүр күндөрдү колдон жетелеп..
Өксүткөн ойлор жадымдан чыкпайт эзелеп.
Өзүмдү өзүм сооротуп алып эзилген.
Өмүрдү улайм бир чети сынып кетилген.

Көздөрүм күлүп,бакыттын какпай эшигин.
Көңүлүм бөксө челектей түбү тешилген.
Капалык каптап,кусалык кумдай эшилген.
Күндөрдү күтөм көйгөйлөр бүтүн чечилген...
25.01.25.
Зейнеп Суйунбаевна
31 янв
Ээх тагдыр,өкүнтөсүң өксүтөсүң.
Түз жолго салбай кээде секиртесиң.
Жашоонун табышмагын бекем катып.
Сыр кылып жашырасың,бекитесиң.

Ээх тагдыр,кубантасың күлдүрөсүң.
Жашоону жандан артык сүйдүрөсүң.
Өмүрдүн өткөнүнө кайыл кылып.
Эртеңки күндү эңсетип күттүрөсүң.

Ээх тагдыр,кээде сүйүп сүйдүрөсүң.
Махабат деңизине сүздүрөсүң.
Балдай таттуу ширесине каныктырып.
Сүйүүнүн кереметтин сездиресиң.....
16.12.24.
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту

1626

  • КамильКимович Балбаев
    КамильКимович Балбаев
  • большой 💚❤️💙💛❤️
    большой 💚❤️💙💛❤️
  • Нургазы Мамажакып уулу
    Нургазы Мамажакып уулу
  • Dursun Nazlı
    Dursun Nazlı
    Ankara
  • Мухаммед Урустамов
    Мухаммед Урустамов
    Кемерово

  • Бесплатная открытка зима, с новым годом, новый год, елка, храни господь судьбы людей, пожелание, ёлка
  • Бесплатная открытка будь красивой, цветы, девушка, брюнетка, пожелание, от души, с днем красоты, международный день красоты

7

  • СЕЗИМ СЕРЕСИ.
    СЕЗИМ СЕРЕСИ.
    20123 подписчика
  • Бакыт Үйү
    Бакыт Үйү
    39377 подписчиков
  • ӨМҮР КЕМЕСИ
    ӨМҮР КЕМЕСИ
    38893 подписчика
  • Жашоо кызыктары㋡
    Жашоо кызыктары㋡
    11550 подписчиков

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.

Зарегистрироваться