Намазы бар жолугу жок.
Жолугу болсо этеги жок.
Жумага барат, калганы жок.
Көптү билет, амалы жок.
Ниети бар, кадамы жок.
Сөздөрү бар, чындыгы жок.
Акчасы бар, зекети жок.
Тууганы бар, мамиле жок.
Ата эне бар, кадыры жок.
Балдары бар, тарбиясы жок.
Күйөөсү бар, баш ийүү жок.
Аялы бар, сый урмат жок.
Кошуна бар, саламы жок.
Достору бар, пайдасы жок.
Даарылар бар, ден соолук жок.
Акылы бар, пикири жок.