Ата... Ушул сөздүн өзүндө таяныч, тирек, кайрат, күч жаткансыйт. Атанын өзгөчө камкордугуна, мээримине, сүйүүсүнө тойбой, кусалыкта балалыгым өттү. Өңүмдө эмес , бир гана түшүмдө көрөм, ар дайым умсунуп кала берем. Сизди катуу кучактап кандай жакшы короорумду айтып алсам дейм. Бирок... Ал эч мүмкүн эмес.
Ар бир баланын балачагы өксүктө эмес, толук кандуу жашоодо өтсө. Эч качан ата-эне менен балдарын өлүм ажыратпаса... мүмкүн , тирүүлүктүн кадырын тушунбос белек...