ШҮГҮР КЫЛУУ Бирөөлөрдү сыйла деп динде сени кыйнабас, Бирок көрбөс сый-урмат өзгөлөрдү сыйлабас. Кабинеттен ачуулуу чыктым. Лифтти чакырып коюп дагы ордумда тура албай, ары бери басып турдум. Акыры ага түшүп, төмөн көздөй жөнөдүм. Бешинчи кабаттан бирөө лифтти токтотту. Эшик ачылганы менен эч ким кирбеди. Аэропортко шашып бараткандыктан, өзүмдү кармана: – Кирбейсизби, – дедим.
Эч ким жок. анан мен дагы бир аз олуттуу үн менен сөзүмдү кайталадым. Эч ким жок. Ошондо ачуумду кармай албай: – Киресиңерби же жокпу? Оюнду үйүңөрдөн койгула. Бул жерден кишини жумуштан кармабагыла! – деп үнүмдү өктөм чыгардым.
Ошол учурда лифтке тыкан кийинген колуна узун таяк кармаган, кара көз айнек тагынган к