КЕТЕ БЕР...
Кете бер,бирок артын карабачы
Кез келген бир пендедей санабачы
Кечиккен бактысы жок махабатты
Кечтим мен,быт-чыт кылып талкалачы.
Кете бер бир кайрылып тиктебечи
Көзүмөн ачуу жашты издебечи
Көрсөткөн тагдырларга баш ийебиз
Көр пенде..пендебиз го биз делечи..
Кете бер,мен тарапка бурулбачы
Мага эмес таргдырына муңуңду айтчы
Билесин,абдан жакшы билесин да
Мен курган улуу дубал бузулбасы.
Кете бер,бир кайрылып карабагын
Кыйын да кыялбасаң сага дагын
Бирдеме айта алууга эркин жетсе
Кош деп кой,кош армандуу махабатым.
Кете бер,көз жашынды сүртуп алып
Кете бер алоолонуп күйүп -жанып
Баарыбир мени бир күн унутасын
Бактылуу бир жигитти сүйүп калып.
Бара гой,адашпагын жаза тайып!
P