БУЛАК ЖАНА МӨӉГҮ СУУЛАРЫНЫН КАСИЕТИ ЧОӉ ДЕШЕТ
Мээнин 75 пайызы, сөөктүн 22, бөйрөктүн 82, кандын 83, булчуӊдардын 75 пайызы суудан турат.
Адам денесиндеги суунун 2 пайызын жоготсо, катуу чаӊкайт. 10 пайызын жоготууда галлюцинацияга кабылат, ал эми 20 пайызын жоготуу өлүмгө жеткирет.
Суунун курамында бардык жандуулардын организмине керектүү магний, кальций, натрий, калий, темир, фтор, йод жана башкалар бар.
Эл арасында айтылып келген маалыматтарга таянсак
Суу ичирүүнүн максаты – адамдын канын жана организминдеги шлактарды тазалоо. Оорулар дал ошол кандын бузулушунан жана организмге шлактардын толуп кетишинен чыгат. Булар тазаланса эле организм оору менен өзү күрөшүп, дарт жоголо баштайт.