Атам эмнеге күйөөм экөөбүздү күтпөй кетип калганын билип ыйладым...Үйгө келсем балам жалгыз отуруптур.
- Таятаң кайда?
- Жаңы эле таксиге салып, жүктөрүн жеткиришип келдим.
- Эмне дейсиң?
- "Таятам айылыма кетемин, мага жардамдашып кой дегенинен таксиге салып келдим" - деди мотурайып.
- Атама чалчы?
Күйөөм телефонун издеп калды. Эч нерсе болбой туруп, кечээ эле келген атам эмнеге кетип калат? Бир жума жүрүп, доктуруна көрүнөм дебеди беле же туура эмес сүйлөп, капа кылып койдукпу, атамы таарынтып алдыкпы...?
- Алло! Ата, сизби?
Ооба кызым мен жаңы эле айылга кирдим.
- "Жайытты аралап барайын дедим. Ойлор көп кызым..." - деди.
- Ата, эмнеге кетип калдыңыз? Эмнеге айтпай кетесиз? Мен т