Эсенкандын 50 миң колу кыргыз жерин талкалап чаап түштү. Карахан мамлекетинин өкүмдары Ороздунун он уулу он жакка таркап качты. Бирөө кетти эренге, бирөө түшүп кетти тереңге. Бир кетти Алтайга, бирөө Каңгайга.
Ошол Алтайга кеткендер Ороздунун он уулунун бири Жакып ногой уруусунан, анан аны менен нойгут уруусунун билерманы Акбалта эле.
Алтайга келген кыргыздар 70 үйлүү эле. Баары колунан иш келген уста, аскер өнөрүн билген жоокер, жердин сырын билген дыйкан, айтор ар бири кесиптин ээси болгон адамдар болчу. Мында келип дароо эле аштык айдап буудай эгишти, усталар узанып кылыч, соот, жебе, ооздурук, тогондорду жасап сатышты. Тоодон кен таап казып алтын, күмүштү тайтуяк кылып куюшту. Айтор он