Тумак жөнүндө дагы бир кыздын окуясы эсиме түштү.
Болгон акчамды чогултуп, тишимдин кирин соруп жүрүп, сонун норка тумак сатып алдым. Биринчи эле резина тактым. Кийип жүрөм. Көчөдө топтошуп турган эркектерден айланып өтөм, мүмкүн болушунча бет келишпегенге аракет кылам. Себеби, ошол маалда тумакты жулуп кетип, арзан сатып жиберишчү.
Жумуштан кеч чыктым.Кеч күугүм. Жолдун баары сыйгалак. Тротуарда жол тандап,абайлап келатам. Бир кезде эле арт жактан бирөөнүн бат-бат басып келатканын уктум. Кылчайып карасам, узун бойлуу жигит экен. Бир колум менен тумагымды басып, кадамымды тездеттим.Мен ылдамдаган сайын, ал да ылдамдагансыйт. Айланада эч ким жок, экөөбүздөн башка.Ылдамдап басып, ал жигит мен