БАЛДАРЫМДЫН ЭНЕСИ
⠀
Аялынын кайым-айтышынан, көп сүйлөөсүнөн тажаган бир адам халифа Умарга даттанганы келет. Бирок Умардын эшигинин алдына келгенде үйдөн аялдын урушкан үнү чыгып жатканын угуп, токтоп калат. Эшикти такылдатсамбы, же кайра кете берсемби деп ыңгайсызданып бир аз убакыт күтүп турат. Акыры аялдын тынымсыз сүйлөп, халифанын унчукпай отурганын байкаган киши үйгө кирүүдөн баш тартып, артка кайтууну чечет. Мына ушул маалда үйдүн эшиги ачылат. Үйдөн баш баккан Умар:
⠀
- Эмне жумуш менен келдиң эле? Эмнеге унчукпай кайтып баратасың?, - деп сурайт. Ал:
⠀
- "Мен аялым тууралуу арызданганы келгем. Карасам, не бир адамдарды чөгөлөткөн Умар деле аялынын маңдайында унчуга албай, анын барды