Кыштын суук түндөрүнүн бири... Төшөктө жаткан энеси суу сурайт... Баязид Бистами ыргып туруп, кумурага чуркайт... Караса, суу жок калыптыр... Сыртка чуркап чыгып, кудуктан суу алып келсе энесинин көзү илинип кеткен экен... Ойготууга дити барбай туруп калат. Сууну коё турайын десе кайра уктап кетип энесинин суу сураганын укпай калуусу мүмкүн... Ошентип, чынысын колуна кармаган бойдон бир канча саат энесинин маңдайында отурат... Энеси бир маалда "суу" деп шыбырайт. Баязид Бистами колундагы сууну энесине сунат. Уулунун качантан бери маңдайында турганын байкаган энеси алаканын жайып: "Оо, Алла Таалам! Мен балама ыраазымын. Сен да ага ыраазы боло көр!" - деп дуба кылат. Кийин элдер Бистамиден