#Алабата – жүрөккө жакшы чөп. (Огороддук аптека рубрикасынан) Кыргызфлора группасы окурмандарга пайдасы болор бекен деп ушул рубриканы сунуштайбыз Жаз келип, кар кетер менен таенем огородго чыгып, ушул алабата чөптү таап, үзүп келип, майдалап кесип, пияз, жумуртка, май кошуп салат жасачу, суюк тамактарга да кошчу. Витамин жетпей кыйналып турган учурда кадимкидей жыргап калчубуз. Жалбырагын кургатып, майдалап унга кошуп, нан жасачу. Бул чөптө эттегидей белок, аминокислоталар көп болгондуктан, кадимкидей ток кармайт экен. Бир жолу бала бакчадан котур оорусун жуктуруп, ооруп калганым эсимде. Тырманып эле аттым. Таенем бул чөптү кургатып, өрттөп, күлүн казанга кайнатып алып, ошол сууга киринти