БАЛАНЫ КАНТИП ТУУРА УКТАТЫП ,ТУУРА ОЙГОТУУ КЕРЕК?
Баланын толук кандуу уйкусу анын интеллектуалдык, физикалык жана эмоционалдык жактан жакшы жетилүүсүн шарттайт. Ал үчүн ата-эне баласынын уктоо саатынын нормасынан баштап кантип уктатып, ойготуу керектигине чейин маани берүүсү зарыл.
Баланын өнүгүүсүндөгү уйкунун мааниси
Жетиштүү жана жакшы уйку баланын маанайын, табитин, интеллектуалдык жөндөмдөрүн жакшыртат. Ал эми мээсинин өөрчүшү ал уктап жаткан учурда болот. Демек, бала ар дайым эрте уктоосу керек. Себеби жетилүү гормону уйкунун 4-стадиясында иштелип чыгат. Мисалы, саат 21:00дө уктай турган болсо, аталган гормон болжолу 00:30да иштелип чыгат. Бала канчалык кеч уктаса, гормондун ишт