#АК+КАРА. 3-бөлүм. Ансыз да атасына ызалуу жүргөн Эркиндин апасынын көз жашын көргөндө кыжыры кайнап кетти. Уул бала апасы үчүн дүйнөнү өрттөп жибергенге даяр. Эне менен эркек баланын ортосунда ушундай кубаттуу нерсе болот. Самара муну билдиби-билбедиби ким билсин, бирок дартын айтып баштады. – Атаң үйлөнгөндөн тартып мени тебеледи, тепседи. Баарына макул болдум. Жылдын төрт мезгилинде алмаштырыла турган аялдарына макул дедим. Көз көрүнөө курбумду ойнош кылды, көз жумдум. “Тагдырыма ушундай адамды жазыптыр, кантейин?” дедим. Эми өзүнүн кызы менен тең кызга ашык болуп жинди болуп калыптыр. – Эмне-е? Самара куду энесине эреркеген кичине кыздай өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап жатты. – Апа, мага жөн