КЕҢ ПЕЙИЛДИК БАКЫТ
2-БОЛУМ
— Акчаны эмес, мен мындай жумушту аткара албайм деп жатам.
— Ийи, кайсы ата-энең сен үчүн ыйлап калмак эле, кетсе бир башың кете берет да, кайсы күйөөрүң калып жатты эле? — деп мазактай күлдү Мелис.
— Байкап сүйлө, ата-энем үчүн эмес өзүм үчүн ак жашашым керек.
— Эй келесоо, бу жашоодо акча, дүнүйө болсо адамсың, болбосо сенин көчөдөгү иттен айрымаң кайсы ыя?
— Мен адал эмгегим менен табам, — деп кабинетти тарс жаап чыгып кетти Мырза, ал чыкканда Акберди жумуштан бошоп кетип жаткан.
— Мырза, сага эмне болду? — деди ал.
— Мен жумуштан кетип жатам, — деди ал көңүлсүз.
— Эмнеге?
— Ошондой, — Кол шилтей басып кетти, Акберди аны унчукпай узата карап турганда Мелис чы