КҮЗ
Күз келип жалбырактар сары түстө,
Жай учуп, сабагынан жерге түшсө.
Колума кармап, аны ойлоп калам,
Да бир жыл кетти мына, окшоп түшкө.
Шашат күз, дарактар да кийими жок,
Көңүлдө мурдагыдай сүйүнүү жок.
Эх, чиркин, тагдыр неге татаал аттиң,
Жылмакай эмес экен түйүнү жок.
Ойлор көп, жердеги көп жалбырактай,
Жашоомдо көрүнсөчү жаркырап Ай.
Жаштыгым жылдан жылга узаса да,
Бакытым келсе экен жалдыратпай.
НУРЖАМАЛ АЙТБАЕВА