ҮЙЛӨНҮҮ ТОЙУНА АРНОО
Уул-кызды бапестедик, өстүрдүк,
Урмат-сыйын эми ата-эне көрөлүк.
Эки куда, кудагыйлар төргө өтүп,
Тууган болуп өткүлөчү түбөлүк!
Жек-жааты ушул жаңы бүлөнүн,
Жакшылыгын көрүп дайым кубансын.
Уул-кыздар, неберелер көбөйүп,
Улуу көчү тирүүлүктүн улансын.
Кут, береке урмат-сыйга бөлөнүп,
Коломтонун оту өчпөй тутансын.
Өкүм сүрсүн сүйүү жана ынтымак,
Өмүр жолдо ошол болот шам чырак.
Айтсам сөздүн кыска, бирок нускасын,
Элден алган ак батадан көгөрүп,
Аскат, Айкерим эң бактылуу жашасын!
Азимбай дос, Эркеайым аяшым,
Уул-келиндин үйлөнүү тойу кут болсун!
Силерди урматтап, классташтар, аяштар.
Дүйшөн Керимбаев, 26.09.2025-ж. Бишкек шаары