Энергетикалык суусундуктар эмне жана аны ашыкча колдонууда кандай зыяндары бар? БАЭнин Al Arabiya басылмасы энергетикалык ичимдиктердин пайдасы жана зыяны тууралуу макала даярдаган. Анын кыргызча котормосун жана кыргызстандык дарыгерлердин кеп-кеңешин сиздерге сунуш кылабыз:
Энергетикалык суусундуктар акыркы жылдары көп колдонулган ичимдиктердин катарына кирген. Буга анын адамдын ишке жөндөмүн арттыруусу, концентрацияны бир жерге топтоо сыяктуу өзгөчөлүктөрү себеп болууда. Бирок ал суусундуктардын зыяны тууралуу кеп кылгандар аз.
Энергетикалык суусундук деген эмне?
Бул суусундуктун пайда же зыянын кеп кылардан мурда анын курамын билип алуу маанилүү. Энергетикалык суусундуктар адамдын иш ж