Жарамазан, жарамазан,
жалгыз казык айланган,
Он эки айда бир келген орозожан.
Орозоңуз кабыл болсун,туткан адам!
Жарамазан айткандын жайы бардыр,
Жайып койгон курутунун майы бардыр.
Курут берсең туруп бер,
Сап таякка салып бер,
Сабынан кармап алып бер,
Бетиңе маска тагып бер,
Антисептик,чачып бер,
Бир жарым метр качып бер?!
Сага да вирус жукпасын,
Мага дагы жукпасын ,
Төшөктөгү небере
Тынч уйкусун бузпасын,
Пачкасын бузбай бере бер,
Ойгонуп кетет укпасын!
Анда эмесе кайтайын,
Коронавирус жукпасын.
Онлайн айтайын.
Номеримди билээрсиң,
Почтодон салып ийээрсиң!
Орозоң кабыл,сен аман,
Ооз ачыра албаган,
Болоюн бияктан мен аман,
Унутуп коюп жүрбөгүн,
Орозодо ,,ДОЛГ" жаман!!!