Иммунитет төмөндөп кеткенде оору келип чыгат» деген сөздү баарыбыз эле угуп жүрөбүз. Бирок иммунитет деген эмне экенин жакшы биле бербейбиз. Ар түркүн оорулардын алдын алып, ден соолугубуздун сакчылыгында турган иммунитет дүйнөсүнүн сырларын назарыңыздарга сунабыз.
Жалпы түшүнүк
Иммунитет – организмдин инфекцияларга жана чоочун заттарга каршылык көрсөтүүсү. Иммунитет тубаса жана кийин пайда болгон делип экиге бөлүнөт. Тубаса иммунитет адамга түйүлдүк кезинде эле апасынан өтөт. Ал эми кийин пайда болгон түрү адам ооруга кабылганда эмдөөдөн улам пайда болот.
Организм “сакчылары” жана “душмандары” тууралуу
Күн сайын, мүнөт сайын ар бир организмде адамдын ден соолугун