Өмүр болгон соң, ыйлайсың, күлөсүң, жакшы менен жаманды, ак менен караны, ачуу менен таттууну катар көрөсүң.. Бирөөгө ачууланып, бирөөнү ачууландырасың. Дал азыр бирөө ыйлап жатса, бирөө күлүп, бирөө бакыттан башы айланып жатат. Кимдир бирөө жаңы гана дүйнө эшигин ачып жатса, ким бирөө бул жарыкчылык менен коштошуп жатат...
Өмүрдө баары болот. Бүгүн бар адам, эртең жок болуу мүмкүн... Бири-бирине өчөшүп, таарынышып жүргондөр канча?! Алла Таала өмүрдү бизге өчөшүп-касташуу үчүн берген жок. Жок дегенде ар күнү бир адамга жылуу сөз айтканды үйрөнсөк эле. Өмүрдүн ар бир күнүн баалай билүү керекпиз. Азыр бир эки сааттан, мүнөттөн, керек болсо секунддан кийин биздин өмүрүбүз күрт өзгөрүү мүмкүн