☘Сыр билгизбей жылмайып жүрөбүз ээ,
Ичтеги дартарды, көйгөйлөрдү айтканда эмне?
Жүрөктө жашап жатат арман, дарттар,
Аларды айтканда, бирөө жарым укмак беле?
Ичтериң от болуп жанып, күйсө деле,
Жаркылдап күлүп жүрүүгө аргасызсың .
Талкаланып мал-мүлкүң кетсе деле,
"Жакшымын, жакшы жүрөм"-деп айтатырсың !
@Рыскулов Уларбек