Эй, берендер эрендер! Бектер жана берендер! Эл баштаган кеменгер! Мейлин, баакыр, Мейлин, жакыр, Мейлин, баатыр, Мен КЫРГЫЗМЫН дегендер! Сооп учун келгеним жок бул жерге, Соболум бар айта турган силерге! Бир АТА-ЖУРТ, Бир АСАБА, Бир АЖО бар бир элде! Анан муну билип ал! Кулагына сырга кылып илип ал! Ар адамда ар башкача дили бар! Бирок билгин- Бир улуттун бирден гана ТИЛИ бар!!!