Оору менен дарт башка, ажал келет ар башка,
Ажал айтпай келген сон, айла жоктур барбашка.
Коп бир тууган болсон да, жалгыздык бар бир башта,
Бир туугансын болгону, балалык откон чагында,
Чонойгон сон ар бирин, уйун башка, жай башка.
Ата- эненин колунда, бир туугансын дайыма,
Жетилген сон кетесин, ар бир оз- оз жолуна...
Кийин барып каласын, бир тууганын болсо да,
Акыр барып, аягы, конок мейман жолунда.
Ата - эненин колунда, он баласы болсо да, ар биринин орду бар,
Ыймандуу, мээрим болбосо, балдары карап койбосо, анда болот шордуу кар.
Бир туугандын жакшысы, козун карап, ал сурайт,
Бир туугандын жаманы, кекээр суйлоп кеп чубайт.
Бир туугандын мээрими, тийип турган кун болот.
Бир туугандын к