Шаркырап аккан суулары,
асманда учкан шумкары.
Нурланып турат карасаң,
Бөлөнгөн нурга айылым.
Айылга барсам сагынып,
Бейиштин жыты жыттанат.
Эх соонун өткөн балалык,
Сагындым сени жаңырык.
Тап таза мөлтүр суулары,
Жап жашыл арча тоолору.
Сагызган учуп шаңданат,
Сары-ойдой соонун жайлоосу.
Мээримге толо эли бар,
Батасын берген аталар.
Ааламга чыксын данктана,
Уул кызың сенин биз мына.