Согулдум...
Кагылдым...
Тоорулдум...
Жаңылдым...
Канча ирет жыгылып,
Канча ирет чалындым.
Санаанын жоолугун,
Сан жылдар салындым.
Турмуштун мушуна,
Туш келди кабылдым.
Туруштук бердирди,
Бийиги арымдын...
А бирок баштапкы,
Баео жан жоголуп,
Жаңырдым...
Табылдым..
Табы өчүп абалдын,
Тагы өсүп жарамдын.
Керектүү адамга,
Керексиз саналдым!
Билгенде катыгүн,
Бир өлдүм....Жаралдым!
Буулугуп сыя албай,
Бурчуна ааламдын.
Көөдөнүм ичине,
Көп жылдар камалдым.
А бирок тагдырдан,
Таап алды мени азыр,
Тазасы адамдын.
Жашоомду жаркытты,
Жакшысы адамдын!...
Ав:Гульниза Эргешова