Көчөнүн башына бирөө: "4000 дирхам жоготтум. Кимде ким таап алса, төмөндөгү дарекке алпарып берсин. ...-көчөсү, ...-үй. Жашоо шартым начар. Акчага аябай муктажмын. Нан алганга да акчам жок." -деп кагазга жазып илип коюптур. Бир киши ал кемпир муктаж экен деп үйүнөн 4000 дирхам алып, кемпирге таап алдым деп алпарып берет. Кемпир көзүнө жаш алып: "Уулум, акча таап алдым деп келгендердин 12-чисисин сен . Уулум, мен жазганды да окуганды да билбейм. Азыр баратып ошол жарыяны жыртып сал." -дейт. Силердин берешендигинер мени жашоодон үмүт кылып жашоого түрткү берди. Уучубуз жакшы адамдардан кур эмес экен.