Алтындан кымбат мееримдүү Апакем менин. .... Апакем кайратыңа таң каламын, Жапжарык элесиңен нур аламын. Абийирдүү өмүрүңдү кубат кылып, Ар кандай кыйын жолго мен барамын. .... Апакем намысыңа суктанамын, Кажыбас кайратыңан күч аламын. Эскерип күндө айтып берем балдарыма, Өзүңдү өмүр бою туу кыламын •••