СЕЙДАНА МАЙЫ КАНДАЙ ООРУЛАРДАН АРЫЛТАТ?
Учурда эл ичинде сейдана майы менен дарылануу кеңири жайылууда. Андыктан анын пайдасы, зыяны тууралуу изилдеп көрдүк.
Сейдана – (орусчасы чернушка посевная, чёрный тмин, аталыштары калинджи, седана, кара сейдана, рим кореандры) боюнун бийиктиги 10-40 сантиметр келген айдалма жана жапайы түрүндө өсүүчү өсүмдүк.
Мекени – Түштүк-Батыш Азия жана Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги өлкөлөр. Кыргызстандын түштүк жергесинде да өсөт. Негизинен уругу жана андан алынган майы колдонулат.
ХИМИЯЛЫК КУРАМЫ
Курамы кальций, темир, жез, фосфор, калий, магний, марганец, цинк, селен, бор, йод, витаминдер – E, A, D, C, B1, B2, B4, B6, олеин жана линолен май