НАН ЖОНУНДО АР БИР АДАМ БИЛИП АЛЧУ МААЛЫМАТ!!
Нан - биздин жашообуздагы эң башкы азык. Биз нандан эч качан баш тартпайбыз, аны күндө жегенден да тажабайбыз. Бирок нанды сатып алып жатканда анын кандай экенине анча көңүл бура бербейбиз. Болгону, жумшакпы же жокпу, ошого гана маани берген болобуз. А чындыгында, туура сакталган жана өлчөмү менен желген жакшы нан гана ден соолук үчүн пайдалуу.
Сапаттуу, жакшы нан
Нандын сырткы түзүлүшү жакшы болуп, табитти ачышы зарыл. Кайсы бир жери ичине чуңкурайып кирип же бөлтөйүп сыртына чыкпасын. Бардык жагы текши, түз болуп, кыйшык жери жок болуу керек.
Кара ундан жасалган нандын түсү кочкул күрөң, ал эми ак ундун наны алтын түстүү болушу шарт.
Үст