РАМАЗАНДА КАНДАЙ ЖАКШЫ ИШ-АРАКЕТТЕРДИ КЫЛУУГА КӨБҮРӨӨК МААНИ БЕРҮҮ КЕРЕК?
Рамазан айында оозду бекитип, орозо кармоо менен биргеликте башка да жакшы иш-аракеттерди кылуу зарыл. Анткени касиеттүү Рамазан айында аткарылган ар бир иш-араккеттин сообу эселенип берилет. Бул айда Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, жана улуу сахабалардын өзгөчө маани берип аткарган ибадаттарды бизда аткарууга умтулуубуз керек. Алар:
1⃣ Түнкү намаз
Аллах таала Куранда Өз кулдарын мактап мындай дейт: «Алар түн ичинде Раббисине сажда кылган, (намазда) тикесинен турган абалда болушат». (Фуркан сүрөөсү, 64-аят)
Пайгамбарыбыз да хадисинде ушундай дейт: “Кимде-ким Рамазанда ыйман менен жана сооп үмүт