Предыдущая публикация
Следующая публикация
Свернуть поиск
Сервисы VK
MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
Войти
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Больше информации
  • Главная
  • Видео
  • Группы
  • Люди
  • Публикации
  • Игры
  • Подарки
  • Поздравления
  • Рекомендации
  • Помощь
  • русский
Левая колонка
Обложка профиля
Фотография от Айнуска Абдыкадырова

Айнуска Абдыкадырова

Последний визит: вчера 19:11
Фотография от Айнуска Абдыкадырова
Фотография от Айнуска Абдыкадырова
Фотография от Айнуска Абдыкадырова
Фотография от Айнуска Абдыкадырова
Фотография от Айнуска Абдыкадырова
Фильтр
ЗаметкиУвлечения
Айнуска Абдыкадырова
26 дек
Айнуска Абдыкадырова
ӨМҮР ШАҢЫ ГҮЛДӨСҮН

Жылмай күнгө,сага күлүп жайнаган,
Жакшы ойдо,өмүр жолго пайдалан.
Кайрат берип, өзүм колдоп турайын,
Күчтүү болгун,сыноо келсе сынбаган.

Жүрөк ырда,сезим жырга талбагын,
Жүзүм күлүп,көздө карек жайнагын.
Шүгүр кылып, пастык ойду кенебей,
Көңүл эргип,мөңгү болгун асканын.

Өмүр шаңы, өчпөй жанып гүлдөсүн,
Өзөк-тамыр канат жайып бүрдөсүн.
Өзгө көздөн,суук сөздөн сактагын,
Өткөөл дүйнө,бакты четке какпагын.

Абдыкадырова Айнуса.
Айнуска Абдыкадырова
19 дек

***

Көзүң жанып, неге антип тиктедиң,
Канжар болуп сайылаарын сезбедиң.
Курган жүрөк, кан тамчылап турса да,
Согуп жатты, күрөшүүгө дем бердиң.

Эч ким туйбас эки карек сүйлөөрүн,
Алоолонуп бирге отко күүйөөрүн.
Үнсүз гана туюм менен айтышкан,
Суу чачса да улуу сезим өчпөөсүн.

Чексиз экен аалам сыры түгөнбөс,
Деңиз сымал мелмилдеген бөксөрбөс.
Кош кыялы бирге учкан ак куудай,
Ашыктыктан уя курган бузулбас.

Тагдыр кошпой, сүйүү оту күйгөндө,
Сыр катылат ушул эки жүрөктө.
Тутана албай быкшып түтөп түгөнөт,
Кара күйүк чычаладай күл боло.

Абдыкадырова Айнуса

Кыздар Ай адабий чыгармачылык бирикмесинин мүчөсү
Айнуска Абдыкадырова
7 дек
СИБИРЬ КЫШЫ

Себелеп кар жаап турат жай гана,
Көз чаптырып мен турамын асманга.
Пейзажындай Пушкиндин ырындагы,
Жашап жатам, ызгаар Сибирь кышында.

Бороон чындап, улугандай туюлат,
Каардуу сезим, коркуу секин уялап.
Кептелдиби туңгуюкта калгандай,
Арабакеч, доошу угулбай жоюлат.

Күн көрүнбөй боз чалганы абанын,
Ачыла албай туман каптап кабагын.
Аппак көйнөк, жалтыраган кристалл,
Аяз тоңгон көркүн кара дарактын.

Нур да чачпайт, шоола качкан бекинип,
Ак булуттар тосуп калган жашырып.
Күчү сынып күндүн табы кайтканы,
Токсону, көк муштум жолу чилденин.

Үнсүз жашайт карагайлар токойдо,
Байкал көлгө бара турган чоң жолдо.
Өкүм сүрүп арасында тунжуроо,
Сыйкыр менен катыргандай жомокто.


Абды
Айнуска Абдыкадырова
25 ноя
ЖАШОО

Көп ойлондум, жашоо эмне экенин,
Бала сүйүү, жарды күтүү себебин.
Жаңылышып эки жолго түшүшкөн,
Эки жашка кандай сыноо келээрин.

Тур, муш деген өзү айтып тургандай,
Туш келебиз бул өмүрдө ар кандай.
Ачуусу да, таттуусу да кездешет,
Ага чыдоо эң кыйыны кыйрабай.

Кандай гана сулуу кыздар көбөйүп,
Ара жолдо адашышкан сүйүү өчүп.
Сабыр менен бирге боло алышпай,
Терс бурулуп басып кеткен өчөшүп.

Сокку болот, бала болсо ортодо,
Келечегин кантеер экен ойлосо.
Жан дүйнөсү кичирип наристенин,
Аңдашпады, калаарын ара жолдо.

Эх жигиттер, ойлонгула силер да,
Бекем болуп, бүлөгө чеп болгула.
Жашоо татаал, ийри-буйру жолдору,
Кылычтай мизи болот, сынбагыла!

Абдыкадырова Айнуса
Айнуска Абдыкадырова
18 ноя
ЖАЗГЫМ КЕЛДИ

Тыңдачы, калбасынчы ичте сыр,
Мен бүгүн жазгым келди жакшы ыр.
Жүрөккө шаттык куруп көңүлдө,
Сейил бак аралайын эс алдыр.

Мелүүндөп таң эртелеп жүрүп жел,
Сергитип мага маанай сүрүп кел.
Түнөк таап жүрөгүмдө жашасын,
Эргүү шаң, агып турсун ашып сел.

Кайкыган ак куш болуп асманда,
Дидарым күч, алып учуп башкача.
Карегим муңга баткан кездерин,
Сезимим бүгүн жуусун жамгырча.

Сүйөйүн баарын кайра өзгөчө,
Денем ысып ойум бүтүн өзгөрө.
Күн батса күгүүм тарта чок болуп,
Дал ошондой ичте отум алооло.

Жайнайын жерге батпай талаада,
Жадырап гүлдөй аппак ачыла.
Аарынын сүймөнчүгү өзүм болуп,
Ширесин күн батканча ташыса.

Бактылуу болор элем ошондо,
Жагымдуу маанай мени кошто
Айнуска Абдыкадырова
6 ноя
***

Турмуш өзү көп кырлуу тоодон турат,
Турам деп тырмышасын өргө таяп.
Бирде сүйүп берекелүү колун сунат,
Бирде күйүп жанган от сени аяп.

Кээде сынап кар жааган кабагына,
Кекээрлеп калат экен чыйрыттанып.
Буулугуп турган сымал туңгуюкта,
Турмушуң бой салбасын кыйгачтанып.

Сөзүм жетпейт эмне деп айтаарыма
Адам өтөөр, алсыз болуп жалгандан.
Убакыт бар, жашоого өмүр кыска,
Пенде экенбиз убакытка алданган.

Баары өтөт, өмүр агат, үмүт өчөт,
Бир гана дүйнө калат өзгөрбөгөн.

Абдыкадырова Айнуса


***

Таш байлап койгон өңдүү канатыма,
Учам дейм, бирок жетпейм жаштыгыма.
Эзелки тун кыялым күүгүм тартып,
Эрбендеп, шоола издейт сапарымда.

Токтоор бекен, мезгил учпай сурансам,
Бүтө турган
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту

2170

  • Розакан Нурдиновна
    Розакан Нурдиновна
  • Саламат Айдарканова
    Саламат Айдарканова
  • Папина Дочка
    Папина Дочка
  • 👭👬💑 🌹💞
    👭👬💑 🌹💞
  • 🆂🅰🅻🆃🅰🅽🅰🆃 🆃🅰🅶🅰🅴🆅🅰
    🆂🅰🅻🆃🅰🅽🅰🆃 🆃🅰🅶🅰🅴🆅🅰
    Бишкек (Пишпек, Фрунзе)

  • Бесплатная открытка руки, сердце, снег, друзья мои, счастья вам, будьте здоровы, пожелание
  • Бесплатная открытка женщина, девочка, быть мамой девочки, это быть бесконечно счастливой, поздравляю с днем дочери, день дочери

29

  • Жакшы группа
    Жакшы группа
    83104 подписчика
  • кыргыз китептери
    кыргыз китептери
    26293 подписчика
  • Поэзия
    Поэзия
    2515 подписчиков

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.

Зарегистрироваться