Турмушка бугун таарынам апа,
Чомолдум жаман ойлорго бата.
Мээримдуу жузун корсом дейм апа,
Ошондо менде калбайт го капа
Алыста журуп сагынам апа,
Корууго сени зарыгам апа.
Капалуу жузун корбосом экен,
Бактылуу болуп сен узак жаша.
Озгочо бугун сагындым апа,
Озунсуз кундор кызыксыз апа.
Онумдон азып баратам неге
Дабаасы сенсин даарыла апа.
Тушумо кирдин сен бугун апа,
Жанында журом жаркылдап апа.
Ойгонгум келбей бул ширин туштон,
Козумду жумуп мен жаттым апа.
Керээли кечке сени ойлойм апа,
Суротун карап тойбоймун апа.
Суйкайган жузун нур болуп дайым,
Жаркылдап журчу жанымда апа.Аллахыма чексиз шугурлор болсун.