Мугалим суусу соолбос кайнар булак,
Мугалим сулуу гана арча дарак.
Мугалим жарык нурун кенен чачкан,
Мугалим кылымдарга өчпөс чырак
Мугалим илим-билим жолун самап,
Мугалим жаштар үчүн сыймык тагат.
Мугалим мөмө-жемиш дарак бизге,
Жүрөктө түбөлүккө ардакталат
Мугалим ата-энедей мээрим төккөн,
Мугалим көзүмдү ачкан медер көркөм.
Биз дагы унутпайбыз, эскеребиз,
Мугалим агай, эже беттен опсом
Мугалим тагдыр, турмуш жолун ачкан,
Мугалим чын жүрөктөн өчпөс дастан.
Көрүүгө биз куштарбыз кайра баштан.
Мугалим учурашат жылуу сурап,
Мугалим асмандагы Ай, Күн сымак....