Предыдущая публикация
Следующая публикация
Свернуть поиск
Сервисы VK
MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
Войти
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Больше информации
  • Главная
  • Видео
  • Группы
  • Люди
  • Публикации
  • Игры
  • Подарки
  • Поздравления
  • Рекомендации
  • Помощь
  • русский
Левая колонка
Фотография от нурлан кимбилди
Gif

нурлан кимбилди

Последний визит: 20 сен 2022
Фотография от нурлан кимбилди
Фотография от нурлан кимбилди
Фотография от нурлан кимбилди
Фотография от нурлан кимбилди
Фотография от нурлан кимбилди
Фильтр
ЗаметкиУвлечения
нурлан кимбилди
1 сен 2022
Көпүрө

Бул көпүрө, келечектин эртеңи,
Багыттардын эсептелүү жер чени.
Буюктурган бурганактан бурулгус,
Бул бакыттын ачык жолу кел-кели.

Улуттардын биримдиги көпүрө,
Урпактардын жүлүн, дили көпүрө.
Уламалуу кылымдарга камтылган,
Узун жолдун күнүмдүгү көпүрө.

Чын жүрөктөн биргелешип тургузса,
Чылк темирдей бекем жана сынгыс да.
Чыгармага чыйыр салып катташкан,
Чынгыз барып, Мухтар келип кыргызга.

Өбөлгөлүү өмүрлөрдүн ак таңы,
Өйүздөрдүн өйдө-төмөн каттамы.
Өзүмчүлдүк өкүмүнөн өрттөнгөн,
Өкүнүчтүү ,,Махабаттын дастаны".

Көп нерсеге себеп жана тараза,
Кайдыгерсиз калыстыкта караса.
Көңүлдөрдү жалгаштырып жазгаган,
Көпүрө бул, карым-катнаш алака.

Нурлан Кимбилди.
нурлан кимбилди
3 авг 2022
Мен күүдө


Үстүрттөдөн карап турсам бир мүнөт,
Үйдөй толкун үзүр үмүт билдирет.
Үстү жайык горизонтко бир тегиз,
Үңүлгөндө түбү кандай ким билет?..

Тегиз жайык жээгиндеги кумдары,
Теребелге шоокум берет ыргагы.
Толкундагы көбүктөрү көркөмү,
Тереңдедир тээ байыркы сырлары...

Кубанычсыз кубаттаган сөз болбойт,
Көркү кетип көөнөрбөгөн бөз болбойт.
Көркөмүнөн өзгөрбөгөн көл - мына,
Көргөн сайын көргүң келет көз тойбойт.

Кошул-ташыл толкундары эргүүгө,
Коштолушуп кыялдарым сергүүдө.
Кучагына кысып ыйык Ысык - Көл,
Күндөгүдөн кыйла бүгүн мен - күүдө.

Нурлан Кимбилди.
нурлан кимбилди
2 июл 2022
Байкабастан

Көңүлчөк жан бирөөнү кечирдимби,
Көптүмбү же, кечирбей эсирдимби?..
Басып-туруп а балким байкабастан,
Барктабаска-баркымды кетирдимби?..

Кирди-чыкты топтолгон чоң сырымды,
Кирген суудай кирдетип толкудумбу?..
Башың кат деп, а балким барктабаска,
Байкабастан ачтымбы колтугумду?..

Калтырышып көңүлдү сууткандар,
Кара жанды какшатып куруткандар.
Баскычакты тай-тайлап таянышып,
Баскандан соң баарысын унуткандар.

Кайра-кайра жаңырып өзгөрүүлөр,
Кактап чокко куйкалап өрттөдүңөр.
Боор оорутмай боштуктун азабынан,
Болуп жүрөм аламан көкбөрүңөр.

Көөлөй берген тутантат отту дагын,
Көңүл калчу нерсени жок сурагым.
Билигине имиштин тамбас үчүн,
Билгенимден корунуп коопсунамын.
нурлан кимбилди
26 июн 2022
Самат Кыргыз

Аңдып сокмой амалдарын жуптаган,
Атаандашын аңтарылта муштаган.
Чымыр дене азыркынын Сыргагы,
Чыканактай бою ээрден чыкпаган.

Жатып ичкен жемкор эмес жеп-ичме,
Жерге түшкөн тээ бийиктен периште.
Желбиретти кыргызынын желегин,
Жети жолу жетип таза жеңишке.

Эсеп эмес эртеңки же эмдиги,
Эсеп ошол, эрктүүлүктүн кеңдиги.
Таанылтам деп,мен кыргызды дүйнөгө,
Тайманбастан айтканы бул - эрдиги.

Талашканың намыс менен ар болуп,
Таскагыңдан жазба иним бар болуп.
Башыңдагы калпагыңдай таза бол,
Бабаң Манас жандап жүрсүн жар болуп!

Мына эмгек, мына эрдик анык баа!
Мына жигит, бекем турган намыска!
Сан жылдарга санжырада сакталып,
,,Самат Кыргыз"-атың калды тарыхта.

Нурлан Ки
нурлан кимбилди
19 июн 2022
Жашылдантып тирүүлүктүн тулаңын,
Жаратканым жалгап жашоо булагын.
Уламалуу узун жолго атказган,
Ушул күнү жагып өмүр чырагын.

Жаза берем жадабай сен жөнүндө.
Жакшы түштөр төп келишсин өңүңдө.
Урматысың улуу менен кичүүнүн,
Уул-кыздын сыймыгы бол төрүндө.

Жакшылыктын дагы түрүн көбүн бер.
Жалгоолонгон урмат-сыйдын төрүн бер.
Ортобузда жанып турсун чырактай,
Оо жараткан, узуун чексиз өмүр бер.

Маашырлантып сүйүндүрүп - сүйдүрүп,
Макул кылсын мажбурлап баш ийдирип.
Өктөмдүгү өзүңүздөн кем эмес,
Өжөр тентек небереңиз - Ийгилик!

Нурлан Кимбмлди.
нурлан кимбилди
4 июн 2022
Төө өркөч сел агымын минген турмуш.
Кылымдан-кылымдарга унутулгус.
Жупуну бир моло таш баяны бар...
Кулунум, мага ошондой күмбөз тургуз.

(МУРАТ УЛАМА)

Концентрация

Кендирлүү келечекке илмек турмуш,
Кербендей кылдыраган бир көч турмуш.
Куюлуп түгөнгөндө түгөт өмүр,
Кулунум, жупуну таш күмбөз тургуз.

Кыйсыпыр мазар кылып толгон жанга,
Кырдырып кыш ойдуруп коргон салба.
Каркылдап караан болсун калдалаңдап,
Каралдым, кабырыма конгон карга.

Кастарлап ай ийдирип айкел салба,
Кабырым жарык болбос айкел барда.
Камырдай топуракка жуурулайын,
Караңгы көр түбүндө, май көл кайда?...

Кайышып кабыргалар сөгүлгөндү,
Көрбөйүн көлдөп жаштар төгүлгөндү.
Көк түтүн болуп жаным көккө кетсе,
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту

2926

  • Замир Эгешов
    Замир Эгешов
    Нарын
  • Советбек Нокоев
  • Ильяз Маматов
    Ильяз Маматов
    Москва
  • salamat isaev
    salamat isaev
    ton rai. kyzyl tuu aiyly
  • Сулайман Нарынбек Уулу

1

  • QUVONCHIMSAN
    QUVONCHIMSAN
    39623 подписчика

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.

Зарегистрироваться