АЯЛДЫН БАТАСЫ Шайтан зээриккенинен көпүрөнүн жанына келип азыр ким көпүрөдөн өтсө аны сууга түртүп бир аз көңүлүмдү ачайын деп ойлонот. Ойлонуп бүткүчө эле орто жаштагы эркек көпүрөгө келип калат. Мына-мына көңүлүмдү ачайын, сууга түртүп жыргайын десе эле ал адамдын жанына жолой албай коёт. Миң аракет кылса дагы шайдандын ойу ишке ашпайт, себеби ал адамга эртең менен жумушка кетээрде аялы "бүгүнкү күнүң ийгиликтүү болсун, Кудайым жолуңду ачык кылсын" деп бата берип узаткан болот. Шайтан үмүтүн үзбөй башка адамдарды күтөт. Бир маалда студент бала көрүнөт, ал көпүрөнүн ортосуна келгенде түртөйүн дейт. Дагы эле адамдын жанына жолой албайт. Көрүнбөгөн дубал шайтанды тосуп калат. Ал көр