ЖАМГЫРДАН СОҢ
Жамгыр төктү, чаңдын басып издерин,
Аруулады айлананы заматта.
Башкачараак булкунууда байкалып,
Бир муштум эт көкүрөгүм тарапта.
Кусалыкпы, айтор билбейм жат сезим,
Ээлеп алды бүткөн боюм чыйрыкты.
Басылганда жаз жамгыры нөшөрлөп,
Булут жиреп жаркыраган күн чыкты.
Чыккан күндүн көк бетинен үзүлүп,
Жүзүм чайган нурларына багындым.
Жан дүйнөмдүн кетиргенсип кирлерин,
Шүүдүрүмдү мончок кылып тагындым.
Гулшанай Жураева
"Поэзия Ордосу" көркөм адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү.