Эки күйөөлүү аял
5-баракча
================
- Ата…
- Бол деп жатам, телефонду өчүрбө!
- Ата дейм.
- Сүйлөөчү болбо, тезирээк келип кал, айылга кетебиз, шашылышпыз.
- Ата, мен бара албайм, турмушка чыгам жакында, - Камила атасы сөз бербей күңүлдөп жатса да эптеп айтты эле, бакырып жиберди Асылбек:
- Аталыктан кечип таштайм, азыр келбесең милиция менен издеп табам!
- Ата, баары бир барбайм, мен өзүм сүйгөн адамга турмушка чыгып жатам.
- Бас жагыңды! - деп кыйкырганда телефонду Жийде ала коюп:
- Кызым, күйөөгө чыксаң деле үйдөн чыкканың жакшы го, талаада жүрүп кеткениң кантип болсун, жок дегенде келип жолукчу, бир айласын табаарбыз, кеңешээрбиз. Өзүңдү-өзүң билип, талаада жүрүп чечке