Сура - Аль-Бакара Аят - 219 يَسْأَلُونَكَ عَنِ الْخَمْرِ وَالْمَيْسِرِ ۖ قُلْ فِيهِمَا إِثْمٌ كَبِيرٌ وَمَنَافِعُ لِلنَّاسِ وَإِثْمُهُمَا أَكْبَرُ مِنْ نَفْعِهِمَا ۗ وَيَسْأَلُونَكَ مَاذَا يُنْفِقُونَ قُلِ الْعَفْوَ ۗ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمُ الْآيَاتِ لَعَلَّكُمْ تَتَفَكَّرُونَ Сенден арак жана кумар ойундары тууралуу сурашат. Ал экөөндө - чоң күнөө (бар). (Бирок) адамдар үчүн (бир аз) пайдалары да бар. Ал экөөсүнүн пайдасынан күнөөсү чоңураак. (Эй, Мухаммед!) Алар сенден (Аллах жолунда) эмнени кайрымдуулук кылууну сурашат.«Ашыкчасын!» - деп айткын. Аллах силерге өз айаттарын мына ушундай байан кылат. Мүмкүн силер ой жүгүртөрсүңөр.