Эмне кымбат.
Билесиңби бул дүйнөдө эмне кымбат,
Туулган жериң, мекениң, эне кымбат.
Өмүр кымбат, аба кымбат, мүнөт кымбат,
Ушунун баарын билип, жаша тыңдап.
Дагы да жашап жаткан аалам кымбат,
Жаныңда жандап жүргөн адам кымбат.
Акылдуу, эстүү бол деп акыл айткан,
Ар бир үйдө баш болгон атаң кымбат.
Билесиңби бул дүйнөдө эмне жакшы,
Ден соолукка ар дайым күлгөн жакшы.
Жашооңдо жакшылыктар болуп турса,
Бактылуу, сонун өмүр сүргөн жакшы.
Автор: Б. Мааткалыков.