Мугалим ким? Мугалим ким, ал биз өңдүү адамбы? Кантип алар өзгөртүшөт заманды? Ал улуу жан, адамдардын адамы, Жакшылыкка арышталат кадамы. Ата Журтка күнү-түнү кам жейби, Айтчы аның тамак ичип, нан жейби? Отурганда кошо сүйлөп сабакты, Окуучуну ойлоп ичет тамакты Кеч киргиче мектебинен чыкпайбы? Айтчы аның үйгө барса уктайбы? Сабак калса капчыгына күч келет, Уктаса да окуучуну түш көрөт. Мугалим ким, каткырабы, күлөбү? Элге окшоп аш-тойлордо жүрөбү? Күлгөнүнөн ой басканы көбүрөөк, Аш-тойлодо анда-санда көрүнөт. Чарчабайбы ызы-чуудан, баладан? Үйгө барып иш кылабы ал адам? Мектепти да, үйдү дагы ардактайт, Мекен жүгү аны эч качан чарчатпайт. Эл өңдөнүп эс алганды болжойбу? Компьютердин оюндар