Пайгамбар ﷺ айтты: *«Мага алсыздарыңарды алып келгиле! Чындыгында силер араңардагы алсыздарыңардын (берекеси) менен ырыскыга жана жеңишке жетишип жатасыңар».* (Тирмизи, 1702)
Ибну Муаз айтты: *«Кедейлерди жакшы көргөнүң пайгамбарлардын сыпаттарынан, алар менен чогу олтурууну жакшы көргөнүң такыба адамдардын сыпаттарынан, алардан качканың эки жүздүүлөрдүн сыпаттарынан».* («Файдуль Кадир», 1/109)
Адам алсыздардын берекеси, алардын кылган дубалары себептүү ырыскыга жана жеңишке жетет.
▷ Эгер сен колунда жок адамдарга жардам берсең, анда алар себептүү колуңда жок нерселерге жетесиң.
▷ Эгер сен ырыскысы тартыш болгон кедейлерге жардам берсең